Чемпиондор Лигасы: "Ливерпуль" финалга чыкты

Чемпиондор Лигасы:
3-Май 2018, Бейшемби, 11:56

Чемпиондор Лигасынын 1/2 финалдагы "Рома" – "Ливерпуль" беттешүүсү 4:2 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Жарым финал оюну Италиянын "Олимпико" стадионунда болду.

"Ливерпуль" командасынангол киргизип, Садио Мане жана Жоржиньо Вейналд айырмаланды. Ал эми италиялыктар атынан Эдин Джекожана Раджа Найнгголан (дубль), бир голду «Ливерпулдун» жарым коргоочу Джеймс Милнер өзүнүн дарбазасына киргизип алды.

Биринчи беттешүүдө Англияда «Ливерпуль» 5:2 эсеби мененжеңишке жетишкен. Ошентип жыйынтыгында жалпы эсеп менен «Ливерпуль» Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты.

Чемпиондор лигасынын финалы болсо 26-майда Киевдеги "Олимпийский" стадионунда өтөт. Анда «Ливерпуль» менен “Реал” биринчиликти талашат. Соңку эки жылдан бери "Реал Мадрид" чемпиондукту бербей келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!