​Чемпиондор Лигасынын финалын поп-ырчы Дуа Липа ачат

​Чемпиондор Лигасынын финалын поп-ырчы Дуа Липа ачат
4-Май 2018, Жума, 16:42

Киевде боло турган Чемпиондор Лигасынын финалын атактуубританиялык поп-ырчы Дуа Липа ачат. Бул тууралуу УЕФА расмий сайты 22 жаштагы поп-ырчынын ролигин кое беришти. Бул салт боюнча Чемпиондор Лигасынын финалынын ырчысы тандалгандыгын билдирет. Ал эми финал ачылышындагы ырчыны келээрки шейшемби күнү расмий түрдө жарыя кылышат.

Чемпиондор лигасынын финалы болсо 26-майда Киевдеги "Олимпийский" стадионунда өтөт. Анда «Ливерпуль» менен “Реал” командаларыбиринчиликти талашмакчы. Соңку эки жылдан бери "Реал Мадрид" чемпиондукту бербей келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!