​УЕФА: Чемпиондор Лигасын “Ливерпуль” жеңет

​УЕФА: Чемпиондор Лигасын “Ливерпуль” жеңет
5-Май 2018, Ишемби, 11:49

Европанын футбол асссоциациялары бирлиги (УЕФА) өзүнүн сайтында жаңылыштык менен Чемпиондор Лигасынын 2017/18 сезонунда “Ливерпуль” футбол клубу жеңээрин жарыялап алды. Бул тууралуу AS басылмасы кабарлады. Маалыматка ылайык Чемпиондор Лигасынын финалына 22 күн калганда УЕФА расмий баракчасына “Сезон-2017/18 - "Ливерпуль" жеңүүчү(Winner)” деген тема коюшуп, ага англиялык футбол клубунун эмблемасын чыгарып коюшкан.

Кийинчэрээк бул билдирүү дароо алынган.

Эсиңиздерге сала кетсек Чемпиондор Лигасынын финалы болсо 26-майда Киевдеги "Олимпийский" стадионунда өтөт. Анда «Ливерпуль» менен “Реал” биринчиликти талашат. Соңку эки жылдан бери "Реал Мадрид" чемпиондукту бербей келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!