​Владимир Кличко кайрадан ринге чыгат

​Владимир Кличко кайрадан ринге чыгат
7-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:34

Дүйнөнүн оор салмактагы WBO, IBF, IBO, WBA боюнча мурдагы чемпиону, украиналык мушкер Владимир Кличко кайрадан ринге чыга турган шарттарын айтты:

“Баардыгы өзгөрүшү мүмкүн. Мен чындыгында спорттук карьерамды аяктап, башка багытта иш баштаганымды айткам. Бирок, адамдардын ишмердүүлүгү өмүр өткөнчө өзгөрүп турат экен. Мына Арнольд Шварценеггерди карагыла, азыр ал экологиялык маселелер менен алек болууда. Демек: бул анын акыркы иштериби же актерлукка кайтып келеби? Менин оюмча, эгерде мен ринге чыксам болгону кайрымдуулук максатта гана чыгат элем”,- деп өзүнүн инстаграм баракчасына жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!