Чемпионат учурунда шишкебек жасоого тыюу салынды

Чемпионат учурунда шишкебек жасоого тыюу салынды
10-Май 2018, Бейшемби, 11:54

Орусияда 2018-жылы өтө дүйнө футбол чемпионаттан учурунда шишкебек жасоого тыюу салынды. Бул тууралуу “Известия” гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык футбол чемпионатты өткөрүлө турган шаарларда өрт кырсыктарына каршы өзгөчө режим киргизилип, ага ылайык шишкебек жасоого да тыюу салынды. Айрыкча от жагып же ар кандай чөп-чарды өрттөөгө тыюу салынууда. Буга так иш-чараларды муниципалдык бийликтер көзөмөлгө алышат. Алар ар кандай жерлерде эс алууларына жана мангалдар менен шишекбек жасоолоруна жол беришпейт.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!