Чемпионаттын эң баалуу машыктыруучулары

Чемпионаттын эң баалуу машыктыруучулары
12-Май 2018, Ишемби, 02:06

Орусияда боло турган 2018-жылдагы футбол чемпионаты алдында улуттук футбол командаларынын эң баалуу машыктыруучуларыаныкталды. Бул тууралуу “Mundo Deportivo” басылмасы жазып чыкты. Эң баалуу футбол машыктыруучулар тизмесинин башында Германия курама командасынынмашыктыруучусу Йоахим Лев турат(3,8 миллион евро). Андан кийинки орундарда Бразилия командасынын башкы машыктыруучусу Тите жана Франциянын курама командасынын жетекчиси Дидье Деша (3,4 млн),төртүнчү орунда Хулен Лопетеги(Испания, 2,9 млн). Ал эми бешинчи орунда болсо Орусиянын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов (2,5 миллион евро).

Черчесов тизмеде бешенчи орунда турат.Андан кийин Фернанду Сантуш (Португалия,2,18 млн евро), Гарет Саутгейт (Англия, 1,9 млн евро), Хорхе Сампаоли (Аргентина, 1,77 млн евро), Оскар Табарес (Уругвай, 1,7 млн евро), Хосе Пекерман (Колумбия, 1,5 млн евро). Ал эми машыктыруучулардын эң төмөнкү суммасы Сенегал курама командасынын башкы машыктыруучусуАлиу Сиссе (0,2 млн евро).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!