​Салах: “Ливерпулдан” кетпейм

​Салах: “Ливерпулдан” кетпейм
12-Май 2018, Ишемби, 12:07

Египет курама командасынын футболчусу Мухаммед Салах англиялыктардын «Ливерпуль» футбол клубунда бактылуу экендигин айтты. Жакында 25 жашындагы атактуу футболчуну жайкы трансфер терезеси алкагында 200 млн еврого “Реалга” которула тургандыгы ЖМК жарыяланган. Салах мындай маалыматтарга чекит койду.

Ал “ Мен бул жерде абдан бактылуумун жана клубта баары мага жагат. Келечекте пландарым бар бирок алардын баардыгы “Ливерпулга” байланыштуу. Өзүңөр көрдүңөр, биз сезонду мыкты жыйынтыктадык. Чемпиондор Лигасына чыктык” деди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Египеттик атактуу футболчу англиянын Премьер-лигасынын жылдын мыкты футболчусу тандалган. Быйылкы сезондо Салах “Ливерпуль” командасы менен 50 матчка катышып,43гол жана 15 натыйжалуу жыйынтык көргөзө алган. Буга кошумча Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!