IBF: “Кличко - Жошуа беттеши 2017-жылдын эң мыктысы”

IBF: “Кличко - Жошуа беттеши 2017-жылдын эң мыктысы”
12-Май 2018, Ишемби, 13:53

Эл аралык бокс федерациясы (IBF) украиналык мушкер Владимир Кличко жана британиялык Энтони Жошуа мелдешин 2017-жылдын эң мыкты беттешүүсү деп атады. “РИА Новости” агентиги бул тууралуу спорт уюмунун басма сөз билдирүүсүн жарыялады.

Былтыркы жылы Лондондун “Уэмбл” стадионунда Джошуа украиналык мушкер Кличкону 11 раундда техникалык нокаут менен жыгып, оор салмактагы WBA (Super), IBF жана IBO версияларынын курун жеңип алган.

Эл аралык бокс федерациясы(IBF) мындан тышкары Джошуа, казакстандык Геннадий Головкинге, британиялык Ли Селбиге үч жана андан ашык наамдарын коргоп калгандыгы үчүн чемпиондук шакек тапшырат.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 30-майда Италияда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!