​Месси атаандыштык тууралуу чындыкты айтты

​Месси атаандыштык тууралуу чындыкты айтты
17-Май 2018, Бейшемби, 09:42

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси «Реалдын» чабуулчусу Криштиану Роналду менен футбол тарыхындагы мыкты оюнчу наамына атаандаштыгы тууралуу ойлорун ортого салды. Бул тууралуу TyC Sports басылмасы жазып чыкты.

Анда Лионель Месси “Мен тарыхта мыкты фуболчу болууга кызыктар эмесмин. Керек болсо биринчи, экинчи же үчүнчү болоюн деген деле эчкандай ойлорум жок. Болгону ар бир сезондо мыкты ойноп,болгон күчүмдү футбол талаасына таштап, досторум, кесиптештерим үчүн аракетимди жумшайм” деп айтканы жарыяланды.

Ал эми Криштиану Роналду атаандаштыгы тууралуу буларга токтолгон: “Жок, Роналду менен атаандаштык мага эч кандай стимул эмес. Менин стимулум “Барселона” менен “Реалдын” атаандаштагы”

Белгилей кетсек, 2008-жылдан бери Роналду менен Месси гана дүйнөнүн мыкты футболчуларына бериле турган “Алтын топ” сыйлыгын жеңип келе жатышат. Экөө тең бештен сыйлыктын ээлери болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!