Марадона "Динамо-Брест" клубунун президенти болду

Марадона
17-Май 2018, Бейшемби, 10:52

Атактуу аргентиналык футболчу Диего Марадона белоруссиянын "Динамо-Брест" клубунун башкармалыгынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу клубтун атайын баракчасында жарыяланган. Маалыматка ылайык Диего Марадона үч жылдык келишимге кол коюп, клубдун жетекчилигин колго алды. Ал клубдун стратегиялык жактан өнүктүрүү маселелери жана балдар академиясын да жетектейт.

Диего Марадона Аргентина курама командасында ойноп, 1986-жылы дүйнө чемпионаты болгон. Атактуу футболчу "Барселона", "Наполи", "Севилья" клубдары атынан да ойноп келген.ФИФА тарабынан XX кылымдын эң мыкты футболчусу тандалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!