​Европа лигасынын финалында "Атлетико" жеңди

​Европа лигасынын финалында
17-Май 2018, Бейшемби, 12:10

УЕФА Европа лигасынын финалында "Атлетико" командасы франсуздардын «Марсель» клубун 3:0 эсебинде жеңди. Беттешүүдө "Атлетико" командасынын чабуулчусу Антуан Гризманн 21чи жана 49чу мүнөттөрдө гол киргизди. Ал эми 88чи мүнөттө испаниялыктардын капитаны Габи Фернандес үчүнчү голду киргизген. Муну менен "Атлетико" УЕФАнын топтук этабында Европа лигасынын жеңүүчүсү болду.

Испаниялыктардын "Атлетико" командасынын бул үчүнчү жеңиши. Мындан мурда 2011чи жана2012- жылдары Европа лигасынын финалын утуп алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!