​Пакьяо кайрадан Мейвезер менен ринге чыгат.

​Пакьяо кайрадан Мейвезер менен ринге чыгат.
18-Май 2018, Жума, 13:11

Пакьяо кайрадан Мейвезер менен ринге чыгат.

МИРБЕК КУМАКОВ

18-Май. 2018, Жума

Филиппиндик мушкер, сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо кайрадан Флойд Мейвезер менен күч сынашууну чечти. Бул тууралуу sports.ru сайты жазып чыкты.Маалыматка ылайык филиппиндик мушкер Мейвезер аны менен ринге чыгаарына ишенет.

Ал “ Мен кайрадан Мейвезер менен ринге чыгууга даярмын. Ал дагы бир жолу мушташуудан качпайт болушу керек. Мен алдыдагы Маттиссе менен мелдешим дагы чыныгы сыноо болот” деп айтты.

Мэнни Пакьяо менен Флойд Мейвезер 2015-жылы беттешип, анда калыстар тобу жеңишти америкалык мушкерге ыйгарышкан.

Учурда мушкер эки тизгин бир чылбырды бирге алып келүүдө. Ал 2016-жылдан бери Филиппин парламентинин жогорку палатасынын сенатору жана муну менен бирге профессионалдык ринге чыгууну улантып келатат.

Эсиңиздерге сала кетсек Мэнни Пакьяо профессионалдык рингде 59 жеңиш болсо, анын ичинде 7 жолу жеңилген. Соңку таймашын быйылкы жылы 2-июлда Австралияда өткөргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!