​Криштиану Роналду 14 миллион евро салык төлөйт

​Криштиану Роналду 14 миллион евро салык төлөйт
19-Май 2018, Ишемби, 02:29

“Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду Испаниянын салык кызматы менен иштешүүгө даяр жана 14 миллион евро салык төлөмөй болду. Бул тууралуу “El Mundo”басылмасы жазып чыккандыгын орус ЖМК билдирүүдө.

Маалыматка ылайык мурда португалиялык футболчу 4 миллион айып пул менен кутулаарына ишенип жаткан. Бирок, финансылык жашырган төрт иштерин мойнуна алып, ишти толугу менен токтотуу үчүн 14 миллион евро төлөйт.

Мындан тышкары Роналду 2011чи жана 2014-жылдары салыктан качкандыгы үчүн 14,7 млн еврого күнөө коюлган. Салык кызматкерлери Криштиану Роналду ири айып пул (30 млн евро) жанаэркинен ажыратуучу документтерди даярдап коюшкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 4 жолку ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!