​Валентина Шевченко эми эксперт болмокчу

​Валентина Шевченко эми эксперт болмокчу
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:49

UFC мушкери, кыргызстандык Валентина Шевченко Чилиде өтө турган мелдеште серепчи болот. Аралаш мушташтын Fight Night 129 алкагындагы мелдеши Сантьяго шаарында өтөт. Анда Шевченко Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун оор салмак боюнча мурдагы чемпиону Фабрисио Вердум менен бирликте “FOX Deportes” каналында баяндамачылык милдетти аткарат.

Кыргызстандык мушкер “Качан мага чалып, эксперттик милдетти сунушташканда көпкө ойлондум. Бул мен үчүн ММК (Mixed Martial Arts - Аралаш мушташ өнөрү) сүйүүчүлөргө мушташтын бардык мүмкүнчүлүктөрүн бөлүшүүгө мыкты шарт болуп саналат” деди.

Валентина Шевченко жеңил салмактагы дивизиондо биринчи орунда турат. Ал Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунда алты жолу рингге чыгып, жеңиштерди багынткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!