​Хабиб 2-3 миллион доллар жоготушу мүмкүн

​Хабиб 2-3 миллион доллар жоготушу мүмкүн
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 14:25

Орусиялык мушкер, UFC жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов эгерде Орусияда мелдешке чыкса 2-3 миллион доллар жоготот. Бул тууралуу мушкердин атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов билдиргенин «Р-Спорт» сайты жазып чыкты. Абдулманап Нурмагомедов “Эгерде биз, Орусияда көрсөтүү акыларынын ( pay-per-view) пайызсыз которуулары жок эле мелдешке чыксак, анда биз 2-3 миллион долларга чейин жоготобуз. Сиз ушундай акчаны жоготууга даярсызбы?” деп айткан.

Мындан тышкары Абдулманап Нурмагомедов Орусияда мелдештерди көрсөтүүнү сатуу кыйын экендигин жана Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) спорттук уюмунун статусуна туура келбестигин белгилеген.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасындагы америкалык Эла Яквинта менен 8-апрелде рингге чыгып, чемпион болгон. Хабиб Орусиянын UFС боюнча алгачкы чемпиондук титулуна татыды. 29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Атаандашы Яквинта 13 беттеш өткөргөн, төрт жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!