​Хиджап кийген калыс баардыгын таң калтырууда (видео)

​Хиджап кийген калыс баардыгын таң калтырууда (видео)
22-Май 2018, Шейшемби, 12:18

Англияда Сомалиден келген мигрант Джавахир Робле алгачкы футбол калыстыгын аркалаган мусулман аял катарында баардыгын таң калтырууда. 24 жаштагы Робле Лондондо төмөнкү лигаларга башкы калыстык милдетин ийгиликтүү аткарып жатат. Хиджап кийген калыс кол кап кийип иштейт. Себеби ислам эрежелери боюнча башка биринин колу тийбеши керек.

Джавахир Робле “ Сөзсүз,футбол-биздин маданиятыбызга тийешеси жок. Бирок, мен кээ бир стереотиптерди бузгум келди. Мисалы,кыздар деле футбол ойноого жана спорттун бардык түрлөрү менен машыгууга укуктары бар. Ким айтты, кыздардын калыс боло албастыгын” деп айткан.


Мындан тышкары Джавахир Робле 10 жылдан кийин тажрыйбалуу калыс катарында премьер-лига, Чемпиондор лигасында калыстык кылуу кыялдары бар экендигин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!