ДЧ -2018: Программа, катышуучулар, башталышы

ДЧ -2018: Программа, катышуучулар, башталышы
24-Май 2018, Бейшемби, 11:27

Быйылкы жайдын эң башкы, маанилүү окуясы Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионаты жакындап келе жатат. Футбол чемпионаты 14-июнда ачылып 15-июлга чейин өткөрүлөт. 32 күн созула турган футбол беттешүүлөрү Орусиянын 11 шаарында 12 стадионунда дүйнө футбол жылдыздарынын катышуучулары менен укмуштуудай өтүшү күтүлүүдө.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТТЫН КАЙСЫ КАНАЛДАР КӨРСӨТӨТ?

Өткөн жылдын декабрь айында ФИФА Орусия өтө турган футбол чемпионатты чагылдыруу укугун "2СПОРТ2" консорциумуна берген. Ага "Биринчи канал", ВГТРК жана "Матч ТВ" каналдары кирет. Ал эми бул каналдар дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө, кандай чагылдырат ФИФАнын сайтында көрсөтүлгөн.

БИРИНЧИ МАТЧ КАЧАН БОЛОТ?

Чыдамсыздык менен күткөн дүйнө чемпионаттынын биринчи беттешүүсү 14-июнда,бейшемби күнү болот. Анда “Орусия - Сауд Арабия” курама командаларынын беттешүүсү Москванын“Лужники” стадионунда Москва убактысы боюнча 18:00 башталат.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТТЫ КАЙСЫ ШААРЛАРДА ЖАНА КАЙСЫ СТАДИОНДОРДО ӨТӨТ?

Дүйнө чемпионатына катышкан футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат:

Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

ТАЙПАЛАР КАНДАЙ БӨЛҮНГӨН?

Дүйнө чемпионатка катышуучу 32 команда 8 тайпага бөлүнүп, ар бир тайпада 4 команда күч сынашат. Ал эми тайпадан ийгиликтүү суурулуп чыккан 2 команда кийинки турга жолдомо алат.

«A» -тайпасы: Орусия, Сауд Аравия, Египет, Уругвай

«B» - тайпасы: Португалия, Испания, Марокко, Иран

«C» -тайпасы: Франция, Австралия, Перу, Дания

«D» -тобу Аргентина, Исландия, Хорватия, Нигерия

«E» -тайпасы: Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия

«F» -тайпасы: Германия, Мексика, Канада, Түштүк Корея

«G» -тайпасы: Бельгия, Панама, Тунис, Англия

«H» -тайпасы: Польша, Сенегал, Колумбия, Япония.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТТЫН БҮЙҮРДҮ КЫЗЫТКАН МАТЧТАРЫ.

Эксперттер дүйнө чемпионатындагы топтук баскычтарындагы эң кызыктуу боло турган мачтарды сиздерге сунуштайт:

14 июнь - Москва, «Лужники»: Россия-Сауд Арабия

15 июнь (21:00) – Сочи: Португалия - Испания

16 июнь (16:00) – Москва, «Спартак»: Аргентина - Исландия

17 июнь (21:00) – Ростов-на-Дону: Бразилия - Швейцария

18 июнь (21:00) – Волгоград: Тунис – Англия

19 июнь - Санкт-Петербург: Россия-Египет

21 июнь (18:00) – Екатеринбург: Франция - Перу

21 июнь (21:00) – Нижний Новгород: Аргентина - Хорватия

23 июнь (21:00) – Сочи: Германия - Швеция

25 июнь - Самара: Уругвай-Россия

26 июнь (17:00) – Москва, «Лужники»: Дания - Франция

27 июнь (21:00) – Москва, «Спартак»: Сербия - Бразилия

28 июнь (21:00) – Калининград: Англия – Бельгия

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!