​Таштанды чогулткан адам Чемпионатта калыстык кылат

​Таштанды чогулткан адам Чемпионатта калыстык кылат
24-Май 2018, Бейшемби, 13:12

Тагдырдын тайгүлүк ташы: Быйылкы жайдын эң башкы, маанилүү окуясы Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионаты жакындап келе жатканда дагы бир өзгөчө тагдыр менен тааныштырабыз. Ал чемпионатта калыстар тобунун Панамадан катышчу өкүлдөрүнүн бири - башкы калыстын жардамчысы Габриэль Виктория. Tribuna.com сайтынын маалыматына караганда Габриэль 25 жылдан бери таштанды чогултуп иштейт.

Бул Панамада гана эмес, негизинен бардык өлкөлөрдөн катышкан калыстарга айлык берилбейт болгону катышкан мачтка гана акы төлөнөт. Ал эми Габриэлдин айтымында, ал деле жашоого жетпейт.Ошондуктан сүйүүктүү футбол оюнундан ажырабаш үчүн Габриэль 1993-жылы таштанды чогултуп иштейт.

Андан бери Габриэль Викториянын иш тартиби төмөндөгүдөй:

03.40 таңда – ойгонуу

05.00 – Жумушту баштоо

17.00 – футбол талаасында машыгуулар.

Габриэль иши тууралуу «Бул мага оор деле эмес,өз кесибим жагат. Биздин кесиптештеримде стресс,кайгыруу болбойт, баарына ыраазы болуп,топук кылабыз” деген.

Мына ушундай так, бузулбаган иш тарбиби менен Габриэль бир канча эл аралык матчтарга калас катары чакырылган. Ал 2015-жылы U-20 дүйнөлүк чемпионатта,2017-жылы U-17 дүйнө чемпионатта жана 2016-жылы АКШ Кубогунда калыстык кызматын аткарган.

Габриэль Викториянын айтымында 2018-жылкыы дүйнө чемпионатка чакырылгандан кийин куттуктоолор жана суранычтар кучагында калгандыгын айтууда. Достору дүйнө чемпионаттындагы биринчи футболкасын сурап жатышкандыгын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!