Курникованын кызы менен бийлегени кызуу талкууда (видео)

Курникованын кызы менен бийлегени кызуу талкууда (видео)
26-Май 2018, Ишемби, 14:31

Мурдагы дүйнөнүн биринчи теннисчиси Анна Курникова алты айлык кызы менен бийлегени күйөрмандарын катуу кубандырды. Спортчу испаниялык ырчы Энрике Иглесиас менен декабрь айында эгиз балалуу болушуп, аттарын Николас жана Люси деп коюшкан.

Курникова өзүнүн кызы Люси менен бийлеген ролигин Instagram баракчасына жайгаштырды. Теннисчи анда кызын баштыкчага кур менен илип алып, бийлеп жатат. Ал латынамерикалык атактуу ырчы Энрике Иглесиастин жаңы ырын жар салды.

Ал эми кичинекей Люси музыканы жактырып, бутун кыймылдатып бийлегиси келгени күйөрмандарды кубандырды.


Бул роликке миллиондон ашык күйөрмандар жылуу пикирлерин калтырып жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек Анна Курникова - мурдагы жуптар рейтинги боюнча дүйнөдөгү биринчи теннисчи. Жалгыз рейтинги боюнча дүйнөнүн 8- теннисчиси. Курникова 16 титулдук жеңишке ээ болгон. Австралиянын ачык чемпионатын эки жолу багындырган. Жалгыз рейтинг боюнча Уимблдондун жарым финалына жеткен. Ал эми 2003-жылдан бери атактуу теннисчи Аялдардын теннис бирлигинин (WTA) мелдештерине катышпай келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!