Төрт баладан кийин үйлөнүүнү ойлонду

Төрт баладан кийин үйлөнүүнү ойлонду
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:25

"Реал Мадрид" футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Рональду сүйүктүүсү испаниялык модель Жоржина Родригеске 2018-жылдын августь айында үйлөнөт. Бул тууралуу AS агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык эки жаш келээрки жылы 14-июндан 15-июлга чейин Орусияда өтө турган дүйнө чемпионатынан кийин үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүнү чечишти. Мындан тышкары Роналду испаниялык ашыгынын тезирээк Португалия жарандыгын алуусун каалайт.

12-ноябрда Родригес футболчуга кыз төрөп берип, ага Алана Мартина деген ат коюшкан. Ал эми 32 жаштагы Криштиану Роналдунун буга чейин сурогат энелерден төрөлгөн үч баласы бар болчу. Алар жети жаштагы Криштиану-кичүүсү жана быйыл июнда төрөлгөн Ева жана Матео.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!