Владимир Буре өлүм төшөгүнөн кайтты

Владимир Буре өлүм төшөгүнөн кайтты
21-Ноя. 2017, Шейшемби, 13:42

Атактуу сууда сүзүүчү, 4 жолку Олимпиада чемпиону Владимир Буре инсульттан кийин 16 мүнөт жүрөгү токтоп калганда, өлүм төшөгүнөн кайткан.

Уникалдуу спортчу, Олимпиаданын 4 жолку чемпиону, белгилүү хоккейчилер Павел менен Валерий атасы, инсульттан бир ай комада жатып, сакайып чыккандан кийин «Советский спорт» гезитине маек курду. Мурдагы Беларуссиянын хоккей курама командасынын машыктыруучусу, 66 жаштагы Владимир Буре жүрөгүнө жасалган оор операциядан 2-3 айдан бери унчукпай келген. Ал кечээ гезитке берген маегинде өлүм төшөгүнөн кайтканын мындай эскерген: “Жүрөктүн клапандарын алмаштырууга туура келип, операция жасалып жаткан. Ошол учурда кан токтобой, коргоочу тигилген жерлерди ачууга туур келген. Анан эле инсульт кармап, жүрөгүм 16 мүнөткө токтоп калыптыр. Дарыгерлер жасалма дем алдырууга аракет кылышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес. Доктурдун айтуусу караганда өлүмгө бир секунд калганда жүрөгүм кайра иштей баштаган”. Операциядан кийин Владимир Буре 30 күн комада жаткан.

Буре 1968-жылы Мехикодо Олимпиадалык оюндарда СССРдин курама командасында 200 метрлик 4 эстафетада коло медалга татыган. Ал эми 1972-жылы Мюнхенде 100 метрлик эркин стилдеги аралыкта күмүш жана коло медалдарга татыктуу болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!