Орусия футболчуларынан допинг табылган жок

Орусия футболчуларынан допинг табылган жок
21-Ноя. 2017, Шейшемби, 15:08

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Орусия футболчуларынан тыюу салынган препараттарды массалык түрдө колдонууда дегендери далилденген жок. Дүйнөлүк допинге каршы агентчилиги (WADA) өздөрүнүн көз карандысыз комиссиясынын жыйынтыгында орусиялык футболчулар допинг нормаларын бузуп жатышкандыгын айтышкан эле. Бул тууралуу агенчиликтин өкүлү Ричард Макларендин отчетунда бир канча ирет көрсөтүлгөн. Бирок Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) орусиялык футболчулардан эч кандай допинг тууралуу издерди таба алышкан жок.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) басма сөз кызматынын билдиргенине караганда Макларендин докладында көрсөтүлгөндөр баары тастыкталган жок. Ал эми андагы эки окуя мурда эле далилденип бүткөн. Орусиянын аялдар футболунан тыюу салынган препараттарды колдонуу белгиленип, орус спорт жетечилиги тарабынан күнөөлүүлөр жазасын алышкан. Бирок муну менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) изилдөө токтобой тургандыгын жана мындан ары дагы улантышаарын белгилешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!