Футбол жылдыздары Москвада жолугушат

Футбол жылдыздары Москвада жолугушат
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:22

Орусияда өтө турган Дүйнөлүк чемпионаттынын чучукулак кармашуу салтанатына дүйнөнүн эң көрүнүктүү футбол жылдыздары чогулушат. Анда көрүүчүлөр аргентиналык Диего Марадона, Италиянын мурдагы курама командасынын капитаны Фабио Каннаваро, Франциянын курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Лоран Блан, Испаниянын мурдагы коргоочусу Карлес Пуйоль, Англиянын атактуу дарбазачысы Гордон Бэнкс, бразиялык Кафу жана уругвайлык Диего Форлан баштаган дүйнөнүн легендарлуу футболчулары катышат.

2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына чучукулак кармашуу 1-декабрда Кремль сарайында Москва убактысы боюнча саат 18.00 өткөрүлөт. Чучукулак учурунда курамында 4 командадан турган 8 топ аныкталат.

Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты Россияда 2018-жылы 14-июндан 15-июлга чейин өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!