Робиньо тогуз жылга эркинен ажырады

Робиньо тогуз жылга эркинен ажырады
24-Ноя. 2017, Жума, 12:21

Атактуу бразилиялык футболчу, “Миландын” мурдагы чабуулчусу Робиньо топтук зордуктоого катышкандыгы үчүн 9 жылга эркинен ажыратылды. Sports.ru сайтынын маалыматына караганда 33 жаштагы футболчуга мындай өкүмдү Миландын соту кечээ чыгарган. Робиньонун катышуусундагы бул окуя 2013-жылы январь айында катталган. Анда Милан шаарындагы бир бий клубунда Робиньо менен биргеликте 5 киши 22 жаштагы албаниялык кызга күч колдонушкан. Ал акыркы жылдары Бразилияда "Атлетико Минейро" футбол клубунда ойноп келген.

Робиньо – "Сантоса" командасынын курамында Бразилиянын 2 жолку, ”Милан” менен бир жолу, Италиянын 1 жолку чемпиону болгон. Бразилия курама командасы менен 2 жолу конфедера́ция кубогун, 1 жолу Америка кубогону жеңип алган. Өз өлкөсүндө "Атлетико Минейро" футбол клубунда 35 мелдеште ойноп, 9 гол киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!