Ибрагимович мурдуна операция жасатат

Ибрагимович мурдуна операция жасатат
30-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:54

«Манчестер Юнайтед» чабуулчусу Златан Ибрагимович Түркияда мурдун пластикалык операция жасатат. Фанатик сайтынын билдиргенине караганда 36 жаштагы атактуу футболчунун Стамбул шаарындагы Нишанташы районундагы бир клиникада операция болоору белгиленди. Златан Ибрагимович мурдунан ыңгайсыз болгондугун жана аны өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Дүйнөлүк атактуу шоу-бизнес жылдыздары менен бир катар эле белгилүү футболчулар дагы пластикалык операцияны көп жасатышат. Спортчулар айрыкча кулак, мурун жана жаак бөлүктөрүн же арыктоо үчүн хирургдун бычагына жатышат. Соңку жылдарда пластикалык операция болгон футбол жылдыздарынын катарын Диего Марадона, Криштиану Роналдо, Гарет Бейл, Джермейн Пеннант, Дани Алвес, Серхио Рамос жана Уэйн Руни толуктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!