Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
30-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:28

Келээрки жылдагы шахмат боюнча дүйнө чемпионаты Лондондо өтөт. Бул тууралуу Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) сайты билдирди. Маалыматка ылайык 2018-жылдын шахмат боюнча дүйнө чемпионатынын таймашы 9-ноябрдан 28-ноябрга чейин уланат. Шахмат чемпионатынын сыйлык фонду 1 миллион евро суммасында белгиленди.

Дүйнө чемпиону наамын норвегиялык Магнус Карлсен коргойт. Ал кийинки жылы март айында Берлинде аныктала турган атаандашы менен таймашат. Чемпиондук наамга Сергей Карякин, Владимир Крамник, Александр Грищук мындан тышкары америкалык Фабиано Каруана жана Уэсли Со, армениялык Левон Аронян, кытайлык Дин Лижэнь, азербайжандык Шахрияр Мамедьяровдор ат салышат

Эсиңерга сала кетсек Шахмат боюнча дүйнө чемпиону 26 жаштагы норвегиялык Магнус Карлсен. Ал шахмат таажысын 2013-жылдан бери сактап келатат. 2013-жылы Индияда өткөн 15- шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатта Карлсен атаандашы Вишванатан Анандды жеңип, дүйнө чемпиону наамын алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!