​Пхенчхан кышкы Олимпиадага даяр

​Пхенчхан кышкы Олимпиадага даяр
1-Дек. 2017, Жума, 13:59

Эл аралык олимпиада комитети Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарын 2018-жылдын Олимпиада оюндарына толугу менен даяр экендигин жарыялады. Уюмдун координациялык комиссиясынын инспекторлору бардык обьектилерди кышкы оюндарга 80 күн калганда кабыл алууну аякташты. Комиссиянын төрагасы Гунилл Линдберг бардык спортчулар жана күйөрмандарды Түштүк Кореяда унутулгус ирмемдер жана кереметтер күтүп жаткандыгын белгиледи. Айрыкча Олимпиада айылы, жаңы ыкчам темир жолу жана жаңы стадионду кечиктирилбей бүткөрүлгөн.Кышкы Олимпиаданын талисмандары катарында Корея легандаларынын каармандары ак жолборс жана Пандаби күрөң аюу тандалып алынган.

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдери өтө турган стадиондун курулушу алгачкылардын болуп аяктаган. Объект 2 жыл мурда салынып баштаган. 7 кабаттан турган арена 358 миң көрүүчүнү батыра алат.

Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!