​Неймар Реалга келеби?

​Неймар Реалга келеби?
1-Дек. 2017, Жума, 14:54

Неймардын атасы жана агенти да болгон Неймар де Силва баласынын Реалга келиши тууралуу айың кептерге чекит койду. Батыштын ЖМК бразилиялык футболчуну «ПСЖ» менен келишими бүтүп-бүтпөй Реал Мадридге келээрин байма-бай жазып келишет.

Испаниянын AS басылмасына маек курган атактуу футболчунун атасы Неймар да Силва “Бардык нерселер тез-тезден өзгөрүп турат. Бүгүн мындай ойлор жок бирок 5-6 жылда эмне болоорун айта албайм. Уулумдун «ПСЖ» менен узун мөөнөттөгү жаңы келишмеси бар. Анын клубка киргенине 3 гана ай болду,силер болсо башкага өтүүнү кеп кылып жатасыңар”,- деп жооп берген.

Эсиңиздерге сала кетсек быйылкы жылы август айында "Барселонанын" чабуулчусу Неймар "ПСЖ" футбол клубуна өткөн. Неймардын мыйзамдуу өкүлдөрү келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганы үчүн «Барселонага» 222 миллион евро төлөп беришкен. Муну менен Неймар футбол тарыхындагы эң кымбат оюнчуга айланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!