​Футбол чемпионатынын атаандаштары аныкталды

​Футбол чемпионатынын атаандаштары аныкталды
2-Дек. 2017, Ишемби, 12:38

Орусияда 2018-жылы өтө турган дүйнө футбол чемпионатынын атаандаштары белгилүү болду. Кечээ өткөрүлгөн Мамлекеттик Кремль сарайындагы чучукулак кармашуу салтанатында 32 команда сегиз тайпага бөлүндү. Алар:

А Орусия, Уругвай, Египет, Сауд Арабиясы

B Португалия, Испания, Иран, Марокко

C Франция, Перу, Дания, Австралия

D Аргентина, Хорватия, Исландия, Нигерия

Е Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия

F Германия, Мексика, Швеция, Түштүк Корея

G Бельгия, Англия, Тунис, Панама

H Польша, Колумбия, Сенегал, Япония.

Чучукулак кармашуу салтанатында ФИФА президенти Жанни Интантини, Орусия президенти Владимир Путин жана дүйнөлүк футбол жылдыздары германиялык Мирослав Клозе, аргентиналык Диего Марадона, италиялык Фабио Каннаваро, испаниялык Карлес Пуйоль, бразилиялык Кафу, франциялык Лоран Блан, англиялык Гордон Бэнкс жана уругвайлык Диего Форлан катышты.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник" жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону), Калининград (“Калининград” стадиону), Самара (“Самара Арена”) жана Саранск (“Мордовия Арена”).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!