​Түндүк Корея кышкы Олимпиадага катышпайт

​Түндүк Корея кышкы Олимпиадага катышпайт
2-Дек. 2017, Ишемби, 13:47

Түндүк Кореянын спортчулары кышкы Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты. Эл аралык Олимпиада комитетине (МОК) Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынына Түндүк Кореянын эки гана спортчусу катышууга укук алышкан. Бирок Орусиянын ЖМК маалыматтарына караганда муз үстүндө бийлөө боюнча спортчулар Рем Дэ Ок жана Ким Чжу Сик катышуудан баш тарттышкандыгы кабарланууда. Алар Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катуушууга тандоо мелдештерин жеңип чыккан жападан жалгыз Түндүк Кореянын спортчулары болчу.

Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) арыздарды кабыл алууну аяктап, квоталарды башка спортчуларга бере баштады. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынына Түндүк Кореянын бошогон орундарга эми Жапон спортчуларына берилиши мүмкүн.

Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!