​Майк Тайсон Чеченстанга келди

​Майк Тайсон Чеченстанга келди
2-Дек. 2017, Ишемби, 14:24

Легендарлуу мушкер, дүйнөнүн супер оор салмактын экс-чемпиону Майк Тайсон Чеченстанга келди. Атактуу боксчу Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун кадырлуу коногу катарында экинчи ирет келиши.

Рамзан Кадыров өзүнүн Instagram баракчасында “Майк Тайсон боксту таштаса да дүйнөдө сый жана чоң популярдуулукка ээ. Биздин достугубуз мындан ары дагы жаңы баскычка, жаңы дем-күчкө жетишет” деп жазды.

Эсиңиздерге сала кетсек өзүнүн темирдей соккулары менен атагы чыккан мушкер Майк Тайсон 2005-жылы чоң спорт менен биротоло кош айтышканын билдирген. Майк өз өмүрүнүн 20 жылдан ашыгын бокско арнап, профессионалдык рингде эле айыгышкан 50 таймашты башынан өткөргөн. Анын 44 нокаут менен жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!