Алгачкы спорттук хиджаб сатыкка чыкты

Алгачкы спорттук хиджаб сатыкка чыкты
2-Дек. 2017, Ишемби, 15:36

Дүйнөдө алгачкы жолу спорттук хиджаб формасын Nike компаниясы сатууга чыгарды. Спорттук хиджаб үч түстө чыгырылды: кара, боз жана кара-бозомтук. Бул спортук кийимдер аба өткөрүүчү, ийкемдүү материалдардан жасалган. Кийимдердин жарнама компаниясына мушкер Зеина Нассар, көркөм муз тебүүчү Эграти Захра Лари жана оор атлетика спортчусу Амна аль-Хаддад катышкан. Орусияда спорттук хиджаб формасын Nike сайтынан 2 миң 590 рублга сатып алууга болот.

Ноябрь айында "Time" журналы Nike компаниясы чыгарган спорттук хиджабды 2017-жылдын мыкты табылгаларынын тизмесине кошкон. Спорттук хиджаб формасынын биринчи модели үстүбүздөгү жылы март айында сунушталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!