Орусия кышкы Олимпиадага формасыз катышат

Орусия кышкы Олимпиадага формасыз катышат
4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 01:14

Орусиянын спортчулары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадагы бейтарап абалда катышат. Бул тууралуу «Советский спорт» гезити кээ бир эл аралык спорт түзүмдөрүнө таянып кабарлады. Маалыматка ылайык кышкы Олимпиада оюндарында орус спортчуларына бардык мамлекеттик символдорду жана улутуна тийешелүү белгилерди колдонууга тыюу салынат. Алар желеги, гимн жана улуттук формасыз катыша алышат. Маалыматка караганда бейтарап катыша турган спортчулар ак түстөгү форма кийишет. Ал эми Орусиянын хоккей тайпасынын абалы кандай болоору азырынча белгисиз.

Мурда хоккей боюнча Орусиянын курама командасынын чабуулчусу Илья Ковальчук допинг боюнча жаза албаган спортчулар катыша тургандыгына үмүтүбүз бар деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек быйылкы жылдын сентябрь айында 17 мамлекеттин допингге каршы агенттиктери Орусияны 2018-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!