​Мессинин агасы камалды

​Мессинин агасы камалды
4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:10

Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Мессинин 35 жаштагы агасы Матиас Месси камалды. Eurosport сайтынын маалыматына караганда Матиас Месси жуманын аягында Росарио аймагында менчик балык кармоо клубуна келип, кырсыкка кабылгандыгын билдирген. Фигиера балык улоо клубунун кароолчусу Матиас кан ичинде келгендигин жана анын кайыгы кумдуу жээкти сүзүп, катуу жарат алдым деп айткандыгын билдирген. Бирок кырсык болгон жерге келген полиция Матиастин кайыгынан кан издерин жана уруксаты жок тапанча табылгандан кийин аны жергиликтүү прокуратура камоого ордер берген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек Лео Мессинин улуу агасы полициянын өзгөчө каттоосунда турат. Ал 2015-жылы дагы уруксатсыз курал менен кармалып, акчалай жаза менен кутулган. Мындан тышкары баңгизат менен аралашкан окуялары бар. Ал эми быйылкы август айында жол кырсыгына кабылып, жеңил жарат алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!