Мария Шарапова киного тартылат

 Мария Шарапова киного тартылат
4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:15

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапова Американын “Оушен айымдын сегиз курбусу” аттуу тасмага тартылат. Tennis World USA сайтынын маалыматына караганда Шарапова аталган тасманын аялдар бөлүмүндө өзүнүн ролун жаратмакчы. Мындан тышкары бул тасмага америкалык атактуу теннисчи Серена Уильямс дагы тартылат. Тасмага көптөгөн Голливуд жылдыздары катышат. Алар Сандра Буллок, Кейт Бланшетт, Хелена Бонем Картер жана Энн Хэтэуэй. Тасма 2018-жылдын июль айларында көрүүчүлөргө сунушталат.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!