"Алтын топ" сыйлыгынын ээси ким болду?

5-Дек. 2017, Шейшемби, 10:54

Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду жылдын футболчусуна берилчү «Алтын топ» сыйлыгынын ээси болду. «France Football» журналы тарабынан уюштурулган тапшыруу аземи Эйфел мунарасында 7-декабрда өткөрүлөт. Быйылкы салтанатты Жер Ревон жана мурдагы футболчу Давид Жинол алып барышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 32 жаштагы португалиялык футболчусу буга чейин төрт жолу “Алтын топко” татыктуу болгон (2008, 2013, 2014 жана 2016-жылдар). Эми ал беш жолу “Алтын топ” алган "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Месси менен теңелди. Бул сыйлыкка жалпысынан атактуу 30 футболчу көрсөтүлгөн.

Бул жылдын ичинде Реал Мадрид менен УЕФА чемпиондор лигасы кубогунун ээси болгон Роналдо Испаниянын чемпиону, Европа футболдук чемпиондугунун (EURO 2017) кубогун алган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!