​Оор атлетчини атып кетишти

​Оор атлетчини атып кетишти
5-Дек. 2017, Шейшемби, 13:26

Колумбиялык оор атлетчи, 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу Орланд Москерди башка атып кетишти. Бул тууралуу Колумбиянын Улуттук олимпиада комитети маалымдаган.

Маалыматка ылайык 22 жаштагы атактуу балбанды Пальмир шаарында атып кетишкен. Белгисиз адамдар барда чыккан тартышмада балбанды башка жана бутка атып кетишкен.

Пальмир мэриясы кылмышкерлерди табууга көмөктөшкөн адамга 3300 доллар өлчөмүндө сыйлык берээрин жарыялады. Учурда кылмышкерлерди издөө иштери жүрүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек Москер Рио-де-Жанейро Олимпиада оюндарында 69 килограмм салмак категориясында жетинчи орунга татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!