​«Кылымдын беттеши» кайталанат

​«Кылымдын беттеши» кайталанат
5-Дек. 2017, Шейшемби, 14:57

Мейвезер кайрадан «Кылымдын беттеши» үчүн ринге кайтууну чечти. Бул тууралуу TMZ порталы жазып чыкты. Айтылуу америкалык мушкер атаандашы Конор Макгрегорго дагы бир мүмкүнчүлүк бериши күтүлүүдө. Спорттук карьеринде бир да жолу жеңилип көрбөгөн Флойд Мейвезер ринге дагы бир жолу кайрылып 51-таймашын көрсөтөт. Маалыматка ылайык акыркы учурда мушкер өзүнүн агенттери менен бир канча жолугушууларды өткөргөн.

Эсиңиздерге сала кетсек 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен үстүбүздөгү жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!