​Мушкердин башы 900 миң долларга бааланды

​Мушкердин башы 900 миң долларга бааланды
6-Дек. 2017, Шаршемби, 13:17

Ирландиянын мафиясы UFC версиясынын жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Конор Макгрегордун башын 900 миң долларга баалады. Бул тууралуу UFC мурдагы мушкери Брендан Шауб билдирген. Учурда Конор Макгрегор кылмыш чөйрөсүнө жакын бирөөнү уруп коюп, мафия менен эсептешип жатат. Брендан Шаубдун билдиргенине караганда Макгрегордун бир досу мафия менен байланышып, катуу таяк жеп калган. Муну уккан Конор алардын бирөөсүн сабаган. Ал жерде өтө күчтүү мафия болгон. Ошондон кийин мафия Макгрегордун башын 900 миң долларга баалаганы айтылууда. Ал эми жергиликтүү басылмалар мушкердин тагдыры коркунучта экендигин жана эки суткада өлкөдөн чыгып кетүүсү тууралуу маалыматтарды таркатып жатышат.

Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!