​Орусия спортчулары соттошот

​Орусия спортчулары соттошот
7-Дек. 2017, Бейшемби, 02:50

Орусиянын 2018-жылкы кышкы Олимпиадасынан четтетилген спортчулары Эл аралык спорттук арбитраж сотуна доо арыз жазышат. Эл аралык олимпиада комитети (МОК) кызытмага каршы киргизилген эрежелерди бузду деп күнөөлөгөн Освальд комиссиясынын жыйынтыктарын сотко бермей болушту. Орусиянын мелдештерден четтетилген 22 спортчунун ар бирине өзүнчө иш ачылат. Айрыкча спортчулар доо арыздын бүтүмдөрүн Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылдагы кышкы Олимпиада баштала электе эртерээк чыгарып берүүсүн өтүнүшкөн.

Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!