​Шише менен чокуга чаап, мансабынан кол жууду

​Шише менен чокуга чаап, мансабынан кол жууду
7-Дек. 2017, Бейшемби, 12:31

Дүйнөнүн атактуу сумо-күрөшчүсү “Улуу чемпион” наамынын ээси Харумафудзи Кохэю спорт менен коштошууда. Монгол сумочу кесиптешин уруп койгондугу үчүн жоопкерчилигин сезип спорттон биротоло кетүүнү чечти.

Атактуу сумочу “Мен кесиптешиме жапа чектиргеним үчүн жоопкерчиликти өз мойнума алам. Ошондуктан бүгүн спорттук карьерамды жыйынтыктайм. Баарыңардан кечирим сурайм",- деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, дүйнөнүн атактуу сумо күрөшчүсү Харумафудзи Кохэю жаш күрөшчү Йосимори Таканоивыны шише менен башка бир койгондугу үчүн айыпталган. ЖМК тараган маалыматка ылайык сумо-күрөшү боюнча эң жогорку наамдарды багынткан атактуу монгол балбаны Харумафудзи Кохэю бир кечеде кызуулукка алдырып, жаш кесиптешин сыранын шишеси менен башка бир койгон. Жабыркануучу ооруканага жатып, башы жарылып жана баш мээси чайкалган. Бул окуя бир ай мурун болсо дагы кечээ териштирүү иштери аяктай электе атактуу сумочу спорттон кетүүчү чечкен.

Эсиңиздерге сала кетсек 33 жаштагы монгол балбаны жогорку профессионалдык ёкодзуна (Улуу чемпион) наамына татыган жана дагы ийгиликтер жарата турган мезгилге келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!