Месси 50 млн евродон баш тартты

Месси 50 млн евродон баш тартты
7-Дек. 2017, Бейшемби, 15:17

Аргентиналык футболчу Лионель Месси «Манчестер Сити» сунуш кылган айлыгы жылына 50 миллион евро жана улам 100 миллинго көтөрүлө турган сунуштарынан баш тартты. Батыштын ЖМК билдиргенине караганда атактуу футболчуга мындай сунушту англиялык клубдун ээси шейх Мансур эч кандай ортомчу агенттери жок эле сунуштаган. Бирок футболчу мындай сунушту кабыл алган эмес.

Маалыматка караганда «Манчестер Сити» Месси бир топ убакыт «Барселона» менен келишимин узартпай келгендигинен пайдаланууну ойлошкон. Бирок ноябрдын аягында аргентиналык футболчу Лионель Месси "Барселона" менен түзгөн жаңы келишимин 2021-жылга чейин узарткан.

Мессинин жаңы келишим:

Жылына: 70 млн евро.

Айына: 5.8 млн евро.

Жумасына: 1.35 млн евро.

Күнүнө: 192,857 евро.

Саатына: 8,035 евро.

Мүнөтүнө: 133 евро.

Секундуна: 2.2 евро.

Дүйнөнүн эң баалуу футболчулардын тизмесинде Лионель Мессиден кийин Карлос Тевес ("Шанхай Шэньхуа", сезондо 38 миллион евро), Неймар ("ПСЖ", 36 млн), Криштиану Роналду ("Реал", 34 млн), Оскар ("Шанхай Шанган", 24 млн), Гарет Бэйл ("Реал", 23 млн), Эсекьэль Лавесси ("Хэбэй", 22 млн), Халк ("Шанхай Шанган", 20 млн), Поль Погба ("Манчестер Юнайтед", 17 млн) жана Грациано Пелле ("Шаньдун Лунэн", 15 млн) келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!