​Машыктыруучу Зорро болуп чыкты

​Машыктыруучу Зорро болуп чыкты
8-Дек. 2017, Жума, 02:10

"Шахтердун" башкы машыктыруучусу Паулу Фонсека "Манчестер Сити" командасын жеңгенген кийин басма сөз жыйынын өткөрдү. Кубанычы койнуна батпаган машыктыруучусу Фонсека Зорронун образында журналисттер алдына чыкты.

Анын айтымында эгерде "Шахтер" Лига чемпионаттын тайпалык тандоо этабынын 1/8 финалына чыкса, ушундай формада эл алдына чыгууга сөз берген. "Шахтер" футбол командасы Англиянын премьер-лигасынын лидери менен болгон беттешүүдө 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Басма сөз жыйынында журналисттер Ален Делон же Антонио Бандерос аткарган Зорро эмес, Паулу Фонсеки болуп келген Зорро жакккандыгын белгилешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!