Роналду 5-“Алтын топ” сыйлыгын алды

Роналду 5-“Алтын топ” сыйлыгын алды
8-Дек. 2017, Жума, 11:26

Бүгүн жылдын футболчусуна берилчү «Алтын топ» сыйлыгы тапшырылды. Ага «France Football» журналынын версиясы боюнча Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду татыктуу болду. Португалия курама командасынын 32 жаштагы футболчусу 5-жолу “Алтын топ” сыйлыгын алып отурат. Сыйлыкты тапшыруу аземи Эйфел мунарасында өткөрүлдү.

Эсиңиздерге сала кетсек, 32 жаштагы португалиялык футболчусу буга чейин төрт жолу “Алтын топко” татыктуу болгон (2008, 2013, 2014 жана 2016-жылдар). Эми ал беш жолу “Алтын топ” алган "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Месси менен теңелди. Бул сыйлыкка жалпысынан атактуу 30 футболчу көрсөтүлгөн.

Бул жылдын ичинде Реал Мадрид менен УЕФА чемпиондор лигасы кубогунун ээси болгон Роналдо Испаниянын чемпиону, Европа футболдук чемпиондугунун (EURO 2017) кубогун алган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!