​Футболдогу Шрек жана Буратино ким?

​Футболдогу Шрек жана Буратино ким?
8-Дек. 2017, Жума, 12:17

Футбол - бул шоу, ал эми шоуда баардыгы ажайып сулуу болушу керек. Шоу - бизнестеги жылдыздардан айырмаланып футболчуларды сырткы келбетине эмес, алардын оюнуна, шамдагай өзгөчө жөндөмүнө карашат. Ошондуктан спортчулар ар кандай пластикалык операцияларга жасатышат. Алардын кээ бирлерине карап көрсөк.

Криштиану Роналду тиштерин жасаткан

Дүйнөнүн алдыңкы футболчусу, “Алтын топтун” төрт жолку ээси Криштиану Роналду өзгөчө жылмаюсу менен баардыгынын көңүлүн буруп келген. Анын күлкүсүнө ар кандай такма аттар коюлуп, тиштери тамашага айланган. Акырында арданган футболчу пластикалык операция жолу менен өзгөртүүгө макул болгон. Анын натыйжаларын сүрөттөн дагы даана көрүүгө болот.

Пластиканын падышасы Рене Игита

Ренее Игита — колумбиялык футболчу, дарбазачы. Улуттук курама командасынын оюнчусу. “Чаяндын соккусун” ойлоп табуучу. Кырктан ашык гол аткан. Атактуу футболчу ондон ашык пластикалык операция жасаткан. Мурду, кашы жана жүзүнүн башка жерлерин да операция кылдырган.

Гарет Бейлдин кулактары

Гарет Бейл – испаниялык «Реал Мадрид» чабуулчусу. Ал бул тизмеге узун кулактары менен жазылып отурат. Гарет баарына күлкү болгон кулактарын бир канча жолу пластикалык операция жасаткан. Аны төмөндө карап көрүңүз.

Уэйн Рунинин - баш кашкасы

Уэйн Руни – англиялык футболчу. «Эвертон» футбол клубунун чабуулчусу. Атактуу футболчунун келбети дайыма күйөрмандар тарабынан такма аттар коюлуп келген. Айрыкча башындагы кашка чачы менен Шрек атка коюлган. Ошондуктан ал келбетин ондоого 2011чи жана 2013-жылдары эки жолу бычакка отурган. Бирок, дарыгерлер иштерин ийгиликтүү аткаргандыгын өз көздөрүңөр менен көрүңүздөр.

Диего Марадонанын пластикасы

Диего Марадона спорттук карьерасы аяктагандан кийин өзүнүн саламаттыгына өзгөчө көңүл буруп келет. Бангизит колдонуу жана зөөкүрдүк турмушта жашоо өзүнүн натыйжасын көрсөткөн. Анын үстүндө жаш курагы өткөн сайын атактуу футболчу картайып кеткендиги байкалган. Ал эми пластикалык операциядан кийин Диего Марадона дагы жаш жана сымбаттуу көрүнүп калган.

Златан Ибрагимович – футболдогу Буратино

Бул тизмеге өңү башын өзгөртүү боюнча «Манчестер Юнайтед» чабуулчусу Златан Ибрагимович да кирди. Эгерде италиялык журналисттерге ишенсек анда атактуу футболчуну бул кадамга анын кесиптештери мажбур кылган. Ага баардыгы Пиноккио же Буратино деген такма аттарды коюп алышкан. Жакында эле Златан Ибрагимович Түркияда мурдун пластикалык операция жасатат деген маалыматтар таркаган. Муну футболчунун агенттери дагы болот же болбойт да дебестен унчукпай турушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!