​Жылдын беттешүүсү: Ломаченко жана Ригондо

​Жылдын беттешүүсү: Ломаченко жана Ригондо
9-Дек. 2017, Ишемби, 01:09

Бүгүн көптөн күткөн Василий Ломаченко менен Гильермо Ригондонун беттешүүсү өткөрүлөт. Таймаштын жыйынтыгында Дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) жарым салмак категориясы боюнча чемпиону аныкталат. Жылдын беттешүүсү АКШнын Нью-Йорк шаарында «Мэдисон-сквер-гарден» спорт комплексинде өткөрүлөт.

Гилльермо Ригондо – ал Кубанын 7 жолку чемпиону (2000-2006). Мындан тышкары эки дүйнөлүк чемпиону (2001 жана 2005-жылдар), эки олимпиадалык алтын медалдар (2000 жана 2004-жылдар). Ал дүйнөлүк бир топ мушкерлерди жеңген. Анын ичинде Раимкуль Малахбеков (Сиднейде финалда), Агасси Мамедов, Абнер Марес, Архенис Мендес, Джонатон Ромеро жана Рау’Шии Уоррен. Мушкерлик жеңиштерин 18 жашында баштаган Ригондо бир гана жолу Мамедовдон жеңилген. Ошондон кийин бийиктикке чыккан.

Василий Ломаченко – эки жолку дүйнө чемпиону (2009 жана 2011). Анын да эки Олимпиадалык алтын медалдары бар. (в2008 жана 2012-жылдар). Мындан тышкары 2006-жылы дүйнө жаштар чемпиону, 2008-жылы Вэла Баркеранын Кубогуна татыктуу болгон. Ал дүйнөлүк бир топ мушкерлерди жеңген. Анын ичинде Файзлиддин Гаибназаров (Риодо алтын), Эндрю Селби, Феликс Вердехо, Оскар Вальдес жана Сергей Водопьянов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!