​Атактуу футболчунун үйүн тоноп кетишти

​Атактуу футболчунун үйүн тоноп кетишти
9-Дек. 2017, Ишемби, 13:19

Германия улуттук курама командасынын футболчусу жана "Бавариянын" мурдагы дарбазачысы Оливер Кандын үйүн белгисиз адамдар тоноп кетти. Мюнхен шаарындагы тонолгон үйдөн футболчунун сейфи уурдалган. Анда бир кыйла акча бар экендиги айтылууда. Focus басмасынын билдиргенин караганда тоноо учурунда 48 жаштагы футболчу жана үй-бүлөсү үйүндө жок болушкан.

Оливер Кан футбол карьерасын 1987-жылы "Карлсруэ" клубунда баштаган. Ал эми 1994-жылы "Бавария" футбол клубуна өткөн. Бул клубда 2008-жылга чейин 606 футбол беттешүүсүндө ойногон. Мындан тышкары 1995-жылдан 2006-жылга чейин Германия улуттук курама командасында ойноп, 2002-жылы дүйнө чемпионаттын утуп алышкан. Учурда Оливер Кан футбол боюнча баяндамачы болуп эмгектенет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!