​АКШ кышкы Олимпиададан баш тартышы мүмкүн

​АКШ кышкы Олимпиададан баш тартышы мүмкүн
9-Дек. 2017, Ишемби, 15:10

Американын бийлиги Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынына катыша тургандыгын жакында талкуулашат. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс ЖМКга билдирди.

Басма сөз катчысы азырынча эч кандай чечим кабыл алына электигин жана бул өтө кенен чөйрөдө талкууланышы керектигин белгиледи.

Белгилей кетчү жагдай АКШ жарым аралда Түндүк Кореянын ар кандай чыгымчылдыгынан улам саясий абалы оорлошуп жатат. Ал эми Американын спорт жетекчиликтери Түштүк Кореядан спортчулардын толугу менен коопсуздугун камсыздоого чакырык ташташты.

Эскерте кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!