​Көркөм муз тебүү боюнча Гран-при: ким жеңет?

​Көркөм муз тебүү боюнча Гран-при: ким жеңет?
9-Дек. 2017, Ишемби, 16:44

Жапонияда көркөм муз тебүү боюнча Гран-при финалы өтүп жатат. Анда октябрь-ноябрь айларында финалга катышууга жолдомо алган жалгыздан бийлөөчү төрт спортчу жана эки жуп Гран-прини алууга ат салышууда. Бул жумада старт алган чемпианатта Орусиядан 15 жашындагы Алина Загитова жана Мария Сотскова, америкалык спортчулар Натан Чен, Адам Риппон жана Джейсон Браун, канадалык Кэтлин Осмонд, италиялык Каролина Костнер жана жапониядан Вакаба Хигути менен Сатоко Мияхара катышууда.

Ал эми жуп мелдештерге орусиядан төрт спортчу Евгений Тарасов менен Владимир Морозов, Ксении Столбов менен Федор Климов, алардын атаандаштары кытайлык дүйнө чемпиондор Суй Вэньцзин менен Хань Цун, германиялык Алена Савченко менен Брюно Массо, канадалык Меган Дюамель менен Эрик Редфорд мелдешке чыгышат.

Көркөм муз тебүү боюнча Гран-при 1996-жылы февраль айынын бери өткөрүлүп келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!