​ Атактуу футболчунун автоунаа коллекциясы

​ Атактуу футболчунун автоунаа коллекциясы
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:24

Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду 21-автоунаасын сатып алды. Атактуу футболчу ушуга чейинки сатып алган автоунаалары 8 миллион долларга бааланууда. Анын унаа токтотуучу жайында Ferrari F12 жаңы автоунаасы менен толукталды. Маалыматтарга ылайык футболчу аны 500 миң еврого сатып алган.

Атактуу футболчунун барандуу коллекциясынын саны 21 чыкты. Ал эң биринчи автоунаасын 2004-жылы 29 жашында сатып алган. Ал учурда Криштиану Роналду жаңыдан эле «Манчестер Юнайтед» менен келишим түзүп жаткан. Эң биринчи унаасын 23 миң еврого сатып алган.

Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналдунун автоунаа жайындагы унааларынын толук эмес тизмеси:

Mercedes-Benz C220 CDI 2004 – 29 миң евро

Audi R8 Spyder V10 - 190 миң евро,

Lamborghini Aventador LP700-4 - 450 миң евро

Bentley Continental GTC - 200 миң евро

Porsche Cayenne Turbo - 130 миң евро

Aston Martin DB9 - 200 миң евро

Bugatti Veyron - 1.5 миллион доллар

Audi R8 Spyder V10 - 190 миң евро

Porsche 911 Turbo Cabrio

Audi RS 6 Avant - 280 миң евро

Audi Q7 - 172 миң евро

Koenigsegg CCX 11 – 391 миң евро

Audi S8 - 380 миң евро

Rolls-Royce Phantom Drophead Coupe – 410 миң евро

Bentley Continental GTC 2007 – 158 миң евро

2007 Porsche Cayenne – 170 миң евро

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!